www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн парламенттин жыйынында депутаттар Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик жана гранттык макулдашууларды ратификациялоо маселесин карап жатышат.
Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкуловдун айтымында, келишимдерде 33 миллион евро бөлүү каралган. Ал акчага борбор калаага автобустарды сатып алууга жумшалат. Кытайдан 253 унаа сатып алуу пландалууда.
«Муниципалитеттин автопаркынын балансында 476 автобус болсо, анын 85и гана кыймылда. Калган унаалар узак мөөнөттүү оңдоодон өтүп, эсептен чыгарылат. Өзбекстандан алынып келинген унаалар жеке компанияларга тиешелүү. Алардын чыккан жылы 2008-2009. Жаңы автобустардын сыйымдуулугу жетиштүү, алардын 130у 10,5 метр, дагы 110у 12 метр болот. Алар газ менен иштешет», - деди Максатбек Сазыкулов.
Вице-мэр Бишкекке жалпысынан 1500дөй автобус керек экенин белгиледи. Анын айтымында, электр менен жүрүүчү автобустарды алуу пландалууда.
Булак: NazarNews.kg