www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы мезгилде Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ар бир аракети хайп болуп, коомчулуктун кызуу талкуусуна алынып жатат.
Сабырбек Жумабековду олчойгон чоң дооматтарды коюп, кызматтан алды. Алмазбек Исманкуловдун менчик клиникасынан кууп чыкты. Министрдин бул аракеттерин реформа катары баалап, аны тайманбас баатырдай сүрөгөндөр да болуп жатат.
Бирок, бул министрдин реформасынын кесепетин да тартып калабызбы деген кооптонуу күч. Айтайын дегеним, акыркы мезгилде реформа жасап жатам деген аракеттери телчигип, араң жолго коюлган медицинаны таш-талканын чыгарып аткандай сезиле баштады. Министрдин укуругу жашы 80ден ашкан, өмүрүн медицинага, өзү жетектеген ооруканага арнаган, үй-жай да күтпөгөн Эрнис Акрамовдун ооруканасына да жетти.
Ал эле эмес, жоктон бар кылып, Жалал-Абаддагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун ачып, ал борбордон көптөгөн адамдардын өмүрүн узарткан профессор Калдарбек Абдрамановду кызматтан алды. Ага да «Калдарбек Абдраманов жетектеген илимий борбордо каржылык мыйзам бузуу бар» деген доомат койду.
Калдарбек Абдраманов болсо, каржылык мыйзам бузуу болбогонун айтты. Кыргызстан жүрөктүн иштөөсүн жакшыртчу стендди чыгара албагандан кийин башка мамлекеттен бекер эмес, олчойгон каражатка сатып алат. Акчасы барлар, ден-соолугу начарлар өлбөй калайын деп ошондон салдырат. Адамдын өмүрүнө өмүр улаган дарыгерлерди мындай жол менен кызматтан алган адамгерчиликке да, башкага да жатпаса керек.
Бүгүн Калдарбек Абдрамановдун кызматкерлери президентке кайрылуу жолдоп, Калдарбек Абдрамановду өз кызматында калтырып берүүсүн суранып жатышат.
Баса, Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бир жума мурун Кыргызстандан чыгып кеткен Сабырбек Жумабековду дагы «качып кетти» деп «40 мамлекет чакырды деп жатат го. Ошол жакка барып иштей берсин» деп балп эткен да жайы бар.
Чынында ал киши аялы менен бир айлык эс алууга чет мамлекетке чыгып кеткенин айтты. «Буюрса, бир айдан кийин келип, 3000ден ашык кезек күтүп, күндө телефон чалып, операция жасап беришин суранып жаткан оорулууларды эч жакка таштап кетпейм. Мен аларга Кыргызстанда эле операция жасайм» деди.
Негизи эле октябрь окуясынан кийин Садыр Жапаровдун аркасында бийликке келген бул министр кызматка киришкенден тартып эле «хайп» жаратып келет. Башында «уу коргошун» менен таанылган Бейшеналиев Президент Жапаров менен жакын дос экенин бүткүл жумурай-журтка жар салган. Ошондонбу айтор, Алымкадыр мырза коомдо ар кандай талкуу жараткан, чуу салган кадамдарга барса да Президент тараптан «кой» деген сылык кеп айтылбай келет.
Эске салсак, буга чейин Министр Бишкек шаарындагы №2 ооруканага (мурдагы №6 оорукана) барып, Алмазбек Исманкуловдон жеке клиникасын бошотууну талап кылган. Алымкадыр Бейшеналиев бул Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы экенин айткан.
Ошондой эле министр Бейшеналиев Токтайым Үмөталиева ээлик кылган Бишкектеги 6-оорукананын жанындагы компьютердик томографиядан кууп чыгарын да эскерткен.
Булак: NazarNews.kg