www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгерде Алмазбек Исманкулов жабдыктарын 2 күндүн ичинде алып чыгып кетпесе, анда аны өзүм сыртка ташып чыгам, деди саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев. Ал Бишкек шаарындагы №2 ооруканага (мурдагы №6 оорукана) барган. Исманкулов бул оорукананын Байтик баатыр менен Жантөшов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имаратында жеке клиникасын иштетип келет.

Бейшеналиевдин айтымында, 20 күн мурун Саламаттыкты сактоо министрлиги борбор калаанын мэриясы жана шаардык кеңеши аркылуу Исманкуловдун клиникасы менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарган.

«Талаш жаралган учурда Исманкулов акча берип, келишимди узартып жүргөн. Мен министр болгондо келишимди узартпагыла деп айткам, бирок 2024-жылга чейин узартышкан. Ким кол койгону белгисиз. Көрсө вице-мэр кол тамгаларды жасалмалап коюптур. Бул боюнча сотко кайрылдык», - деди Бейшеналиев.

Анын айтымында, Исманкулов кечээ, 9-мартта көчүп кетмек, бирок убакыт сураган жана бүгүн терезелерди чыгарып кетерин айткан.

«Мен макул болдум, СССР убагындагы терезелерди тагып кой дедим. 24 жылдан бери акча жасап келген, имарат кандай абалда экенин карагылачы. Насыя алган, аны — 27 млн долларды Түштүк Кореяга мен төлөйм. Президент акча таап, төлөгүлө, Исманкуловду кууп чыгып, жазала, карызды өзүбүз — мамлекет төлөйт деди. Бул президенттин сөзү», - деди Бейшеналиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости