www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Facebook жана Twitter социалдык тармактары бүгүнкү күндө Орусияга каршы ачылган согуштун куралына айланды.
Бул тууралуу РИА Новостиге Нью-Йорктогу Шиллер институтунун өкүлү Ричард Блэк билдирген.
Эске салсак, Meta Platforms Украинадагы окуяларга байланыштуу Facebook жана Instagram социалдык түйүндөрүндө орус аскерлерине каршы зордук-зомбулукка үндөөгө тыюуну убактылуу алып салганын компаниянын басма сөз катчысы Энди Стоун билдирген.
Буга чейин Reuters маалымдагандай, социалдык тармактар айдыңындагы жаңы саясатка ылайык Орусиянын президенти Владимир Путин жана анын беларус кесиптеши Александр Лукашенкого өлүм чакырыгына да жол берилерин билдирген. Бирок, андан кийин компаниянын вице-президенти Ник Клегг Мета өзүнүн Facebook жана Instagram социалдык тармактарында мамлекет башчыларын өлтүрүү чакырыктарынын пайда болушуна жол бербей турганын маалымдаган.
Ал эми Орусия Федерациясынын Башкы прокуратурасы соттон Metaны (Facebook жана Instagram социалдык түйүндөрүнө жана WhatsApp мессенджерине ээлик кылат) экстремисттик уюм деп таанууну жана анын Орусиядагы ишмердүүлүгүнө тыюу салууну суранып жатканын ачыктаган.
Булак: NazarNews.kg