www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Волкер: «Согуштун эң коркунучтуу этабы келе жатат»

АКШнын Мамлекеттик департаментинин Украина боюнча мурдагы атайын өкүлү Курт Волкер Украина менен Орусиянын ортосундагы согуштун эң коркунучтуу фазасы келе жатат деп эсептейт. Бул тууралуу MIGnews.com жазып чыкты.

Ал УНИАНдын колоннасында пикирин билдирди.

Волкердин айтымында, Орусиянын президенти Владимир Путин согушта жеңилип жатканын билет, бирок ал дагы эле агрессивдүү аракеттерди эки эселеп жатат.

«Путин утулуп жатканын билет жана анын стратегиялык позициясы алсыраганда дагы агрессивдүү кадамдарын эки эсеге көбөйтөт. Бул биз азыр Путиндин кара ниет кампаниясынын эң коркунучтуу фазасына кирип жатабыз дегенди билдирет. АКШ менен Батыш бул кырдаалды кылдаттык менен жөнгө салышы керек», - деди Курт Волкер.

Эске салсак, Орусия Украинадагы операцияны 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» экендигин айткан.

Бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген.

Орусиянын Коргоо министрлиги Куралдуу күчтөрү соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдиришкен.

Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору соккусун улантууда. Президент Украинаны оккупациялоо туурасында кеп болбогондугун айткан.

Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, куралдуу күчтөр аскердик инфраструктурага жана украин аскерлерине гана сокку урууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости