www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Марлен Маматалиев Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Азамат Исраиловдон Бишкекти тыгындан кантип арылтса болорун бүгүн, 7-декабрда парламент жыйынында сурады.

Депутаттын айтымында, аянтта кечки саат 7ден эртең мененки 7ге чейин өтүүгө болбойт деген жазуу бар. «Эртең менен өйдөдөн ылдый, кечинде ылдыйдан өйдө кетебиз. Кечки саат бештен сегизге чейин экинчи линиядан бурулса, көптөгөн тыгындар чечилмек», - деди Маматалиев.

Исраиловдун айтымында, Бишкектин жолдору 40 миң унаага ылайыкталган, бирок борбордо 500 миңдей унаа бар.

«Канча жол чырак орнотулбасын, канча жол кеңейтилсе дагы унаа токтотуучу жай жок. Мындан улам эл көчөнүн эки тарабына тең токтоого аргасыз болууда. Биринчиден, транспорттук түйүн куруп, унаа токтотуучу жайларды чечүү керек. Мындан тышкары биздин департамент жапониялык компания менен 8 млн долларга «жашыл линия» куруу боюнча меморандум түздү. Ал эмки жылы ишке ашат», - деди Исраилов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости