www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия нефтисинин баасын чектөө Батыш өлкөлөрүнүн өзүнө зыян алып келет. Бул тууралуу Кытайдын Global Times басылмасы жазды.

"Орусиянын Кытай жана Индия өңдүү кардарлары бар, болбосо Москва нефтини Жакынкы Чыгышка, андан ары Европага экспорттоо менен бардык кесепеттерди жоё алат", — деген аналитик Цуй Хэн.

Ал Евробиримдик соңунда бул чечиминен өзү кыйналарын кошумчалап, уюм Орусия мунайынын ордуна башка варианттарды издөөгө аргасыз болорун, аны Улуу Британия менен АКШдан кымбат баага алууга туура келерин айткан.

"Орусия нефтисинин баасын аныктоо менен алар бул тармактагы рыноктук принциптерди бузушту. Мындай кийлигишүүлөрү алардын өкмөтүнө болгон ишенимди жоготуп, Батыштын ансыз да кыйналып турган экономикасын ого бетер оорлотот", — деген эксперт Ван Ивэй.

Маалыматта нефтиге карата бааны аныктоо Орусияга көп деле таасир бере албастыгы айтылат. Бирок бул чектөө Батыштын ичиндеги олуттуу пикир келишпестиктер бар экендигин көрсөтүп койгондугу белгиленген.

Батыш өлкөлөрүнүн нефтиге карата чектөөлөрү 5-декабрда күчүнө кирди. Евробиримдик Россиянын деңиз аркылуу ташылган мунайын алууну токтотту. "Чоң жетилик" өлкөлөрү менен Евробиримдик деңиз аркылуу ташылган мунайдын баасын бареллине 60 доллар деп чектеген. Орусия Европанын нефть керектөөсүнүн 20 пайызга жакынын жаап келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости