www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-июнда, Бишкек шаарында саат 13:00 чамасында эки унаа жана маршруттук таксинин катыштыгында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу патрулдук милиция башкармалыгынан кабарлашты.

Патрулдук милициядан билдиришкендей, жол кырсыгы Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча №164 каттам менен жүргөн «Мерседес Спринтер» кичиавтобусу «Хонда Фит»  жана «Форд Фокус» унааларын кагып кеткен.

"Жеңил унаанын биринин айдоочусу жаракат алды. Аны тез жардам кызматы алып кетти",-дейт патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы. 

Кырсык боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Булак:"5news.kg"

Последние новости