www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Битирегендер бириккиле, шайлоо даамы жыттана  баштады

2020-жылдын 4-октябрына белгиленген шайлоо - Сооронбай Жээнбеков президент болгондон кийин өтө турган биринчи парламенттик шайлоо. Анткен менен учурда мамлекеттик саясатка таасир бере турган партиялар жана ошондой эле бийлик үчүн башмалдак атып жаткан партиялар жана бийликке каршы оппозицияга чыга турган партиялар үчүн 2017-жылы эртеңки өз камын көрүп кабыл алынган 9 пайыздык чектер  оор болуп калчудай.

Мамлекеттик саясатка таасир бере турган партиялар парламентке 9 пайыздык чек менен өтүп келди дейли, Башмыйзам боюнча кайсы партия жеңип келсе да 120 депутаттын жарымысынын же 60 депутатты гана алып келе алат. Кокус 9 пайыздык чек менен келе турган болсо, ашып кетсе 3 партия чектен өтүшү ыктымал. Бул бүгүнкү оппозицияны парламентке деле караандатып койбойт.

Шайлоодо жеңип келген партиялардын кимиси болбосун, мамлекеттин кызыкчылыгында чогуу иштегенге даяр экенин президент айтты.  Буга чейинки президенттер деле шайлоо алдында барына дапдаяр болуп келишкен. 12-апрелде өтчү жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында шаарларда элди жапырт каттоо болуп, ага сын-доомат айтылып жаткан учурда ушундай убада берип 9 пайызга түшүү мүмкүнчүлүгүн айтты.

Тогуз пайыздык чек

Тогуз пайызды 2017-жылы сунуш кылып, аны колдогондордун оюн эске алсак, негизги жүйө - партияларды ирилештирүү максаты болгон. Анткени, 2015-жылы жети пайыздык өтмө жол 6 партия парламентке келип, келген партиялар Крыловдун чаян, ак куу жана жаяны сымал бийликти өз ара бөлүп алышкан. Ошондуктан,бийликти бир колго топтоо боюнча 9 пайыздык чекке өтүү зарылдыгы туулган. Ооба, бул зарылдык, муктаждык. Бирок, буга саясий күчтөр даяр эместиги сезилип турат. Маселе ушунда болуп турат. Коомчулуктагы талкуу көрсөткөндөй, саясий күчтөр, партиялар, партия лидерлери буга даяр эместиги калкты кайрадан шайлоо алдында капсалаңга сала турганы, жашырганда эмне, элде "Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" деген сөз бар. Бизде ар бир саясатчы өзүн лидер деп эсептейт. Тогуз пайыздык босого менен парламентке административдик жана финансылык ресурска ээ болгон тараптар гана келип, жалпы коомчулуктун пикири эске алынбай калат деген ойлор айтылган. Бул келечекте саясий туруктуулукка кедергесин тийгизет дегендер да бар. Эгер 9 пайыздык чек менен өтсө партиянын саны азаймак да, аткаруу бийлигинин иштешине жеңилирээк болуп калмак.  Эми болсо өткөн партиялардын лидерлери Чокчолой баатыр болуп чокчолоңдой бериши мүмкүн.

Жети пайыздык чек

Жети пайыз - бул биз басып өткөн, сыноодон өткөн жол. 2015-жылдагы шайлоо алдында парламенттик чек жети болуп өзгөртүлгөн. Азыркы, алтынчы чакырылыштагы парламент 2015-жылдын октябрында жети пайыздык чек менен шайланган. 120 орунга алты партия өтүп, СДПК фракциясына 38 мандат, "Республика - Ата Журтка" 28, "Кыргызстанга" 18, "Өнүгүү-Прогресске" 13, "Бир Болго" 12 жана "Ата Мекенге" 11 орун тийген. Жети пайыз менен депутат болуп келген булар деле эч нерсени кыйратып жиберген жок. Анткени, бийликтин барын чакчелекей кылышып, чүчүкулак кылышып бөлүп алышты. 2016-жылдагы кабыл алынган Башмыйзам президенттин полномочиесин азайтып, фракция жетекчисинин полномочиесин көбөйткөн. Эми аткаруу бийлигин өкмөт башчысы фракция лидери менен кеңешип чечип калган.

Беш пайыздык чек

 Беш пайызды айткандарда бар. Жогорку Кеңешке улам кийинки чакырылыш шайланган сайын парламентке өтүүнүн босого чеги да көтөрүлүп баратат. 2010-жылы шайлоо босогосу беш пайыз болчу. “Ата Журт” ,"СДПК",“Республика”, “Ар-Намыс” жана "Ата Мекен" алышкан. СДПК фракциясы коалиция түзө албай бир топ убара болгон.

Үч пайыздык чек

Үч пайызды айткандар жаштарга мүмкүнчүлүк берели деген, элдин кулагына жага турган жүйөлөрдү айтууда. Бирок чынында жаштарды бетке кармап алып, бул жерде деле өз камылгасын көргөн жагдайлар болуп жатат десек жаңылышпайбыз.

Пайызы жок тууралуу биздин мамлекетте сөз жок, бирок Грузияда парламентке шайлоо алдында пайыздык чекти алып салган.

 Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости