www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанда митингди кууп таркатуу учурунда 300 дөн ашуун киши кармалды. Бул тууралуу казак басылмалары жергеликтүү укук коргоочуларга таянып, жазып чыкты.
Маалыматка караганда, кармалгандардын көпчүлүгү коё берилген, айрымдары административдик жазага тартылды. Эки адам митинг учурунда жаракат алганы белгилүү болду. Ички иштер министрлиги кармалгандар тууралуу маалымат бере элек.
Укук коргоочу Маржан Аспандиярованын маалыматына караганда, айрым активисттерди соттоо учурунда бийлик фото жана видео далилдерди көрсөткөн. “Бирок аларды далил деп айтууга болбойт, адамдардын жүзү таанылбайт” деген укук коргоочу сот ага көңүл бурбай, чечим чыгарганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, 22-февралда Алматыда эки башка жерде нааразылык акциясы өткөн. Демократиялык партия түзүү тууралуу демилге көтөргөн топтун ондон ашык мүчөсү Алматынын Астана аянтында Жанболот Мамайды бошотууну талап кылып чыкканда кармалган. Ал эми Алматы шаарынын башка жеринде жана Нур-Султанда 10 жылдан бери каып жүргөн оппозициялык саясатчы Мухтар Аблязов түзгөн “Казакстандын демократиялык тандоосу” саясий кыймылынын митингинде жүздөн ашык киши кармалды.
Булак: NazarNews.kg