www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иранда коронавирустан 8 киши каза таап, кошуна өлкөлөр чек араларын жапты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Иранда коронавирусту жуктургандардын саны 43кө жетип, бул илдеттен 8 киши каза болгон.

Дарыгерлердин айтымына караганда, алгачкы коронавирус жергиликтүү тургундардын бири Кытайдын Ухань шаарына барып, оору жуктуруп келгенден кийин башкаларга тарап кеткен. Ал адам келгенден кийин оорудан каза болгон.

Учуда өлкөдө коронавирустун айынан билим берүү жайлары жабылып, маданий иш чаралар токтотулган. Ал гана эмес, спорттук мелдештер күйөрмансыз өтүүдө.

Мындан тышкары, бул өлкөгө чектеш жайгашкан мамлекеттер Түркия, Афганистан, Иран, Пакистанда чек араларын жаап, аба каттамдарын токтоткон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости