www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үстүгүздөгү жылдын 21-февралында “Ата-Мекен” парламенттик фракциясынын кезектеги жыйынында Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн абалы жана ага байланышкан мыйзам долбоорун иштеп чыгуу маселелери талкууланды.
Маалыматка ылайык, жыйында мөңгүнү изилдеп жүргөн коомдук уюмдардын өкүлдөрү баяндама жасап, жылдан-жылга өлкөбүздөгү мөңгүлөрдүн көлөмү азайып бара жатканын билдиришти. Белгилүү болгондой, Кыргызстанда 6683,9 чарчы километр аянтты түзгөн 9959 мөңгү бар.
Мөңгү таза суу булагы, адам өмүрүнө өтө зарыл болгон табият белеги экенин айткан депутат Наталья Никитенко бул багытта мыйзам кабыл алуу зарылчылыгын кошумчалады.
Ал эми “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 22-февралда партиянын Бишкекте өткөн жыйынында сүйлөп жатып, өкмөттү сындап өттү. Текебаев өлкөдө экономика, инвестициялык, өнөр-жай сыяктуу бардык тармак туңгуюкка кептелгенин белгилеп, мунун баарына өкмөттү күнөөлөдү.
"Абал чатак. Экономиканын өсүшү басаңдады. Түз инвестиция өлкөгө келбей калды. Бул өкмөттү Рыскелди Момбековдун тили менен айтканда “бечел, шалтурук өкмөт” десек да болот. Өкмөт демилгени жоготту, демилге көчөнүн колуна өттү. Өкмөт келечекти көрө билип, алдын-ала планы болушу керек. Өкмөттүн кадыр-баркы жок, жалтак болсо эл ызылдап чыкканда артка кетенчиктейт. Мындай учурда ири долбоорлор ишке ашпайт. Өкмөт жетекчи болгондун ордуна жетеленме болуп калды. Бул - коркунучтун жеткен чеги.
Өмүрбек Текебаев өкмөт түп-тамырынан жаңыланууга муктаж экенин, алдыдагы шайлоо акыйкат өтсө, бул ишке ашарын кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg