www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Кореяда коронавирус кеңири жайылып, өтө кооптуу абалда турат. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Түштүк Кореяда 556 адамга вирус жугуп, беш киши каза болду. Сакайып кеткендердин саны — 18. Мындан тышкары,  6 миң 39 адамдын анализи чыга элек.

Аталган вирусту Италияда 132 киши жуктуруп, мектеп, окуу жайлар жабылды.

Ал эми Италияда вируска кабылгандардын саны 130га жетти. Алардын 89у Ломбардия аймагында жашайт. Калганы Венето, Эмилия-Романья жана Пьемонт деп аталган аймактарда жашары айтылды. Өлкө боюнча эки киши каза тапкан.

Япония дагы алдынкы саптарда. Бул мамлекетте COVID-2019 вирусу 136 кишиге жукту.

Акыркы эки күн аралыгында жуктургандардын саны кескин өскөндөрдүн арасында Иран дагы бар. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Киануш Жаханпурдун  айтымында, жалпысынан 43 киши жуктуруп, анын ичинен сегизи каза тапты.

Акыркы маалыматка таянсак, коронавируска дүйнө жүзү боюнча 78 766 киши кабылган. Алардын 2461и каза болуп, 23133ү айыгып кетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости