www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан билдирди.
Мурунку чиновниктин мындай баш коргоо чарасы 15-мартка чейин көрсөтүлгөн.
Эскерте кетсек, экс-саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери тарабынан 2020-жылдын сентябрь айында кармалган.
Буга чейин Каржы полициясы Саламаттыкты сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.
Тергөөнүн версиясы боюнча, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келип, консультациялык кызматтарды көрсөтүү үчүн пайдасыз келишим түзүп, мамлекеттик бюджетке болжол менен 9 миллион сом зыян келтиришкен.
Космосбек Чолпонбаев убактылуу кармоочу жайга киргизилген, бирок операциядан кийин ал үйүндө дарыланып жатат.
Булак: NazarNews.kg