www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК бюджеттик каражаттарды туура эмес сарптоо фактысы боюнча Бишкек мэриянын райондук администрация башчыларынын бири кармалганын билдирди.

Ал Жазык кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмү (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ысырап кылуу) боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалганы айтылат. УКМК акимдин Ч.Ч. деген инициал менен берген. Бул Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев менен дал келүүдө.

«Такталган маалымат боюнча кармалган адам бюджеттик каражаттарды үгүт иштери үчүн депутаттыкка талапкерлердин бирине мыйзамсыз бөлүп берген. Бул акча Бишкектеги аймактардын бирин жакшыртууга арналган болчу. Кармалган кызматкер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Атайын кызмат Бишкек шаардык кеңешине шайлоо учурунда шайлоо мыйзамдарынын бузулушун аныктоо жана бөгөт коюу боюнча тийиштүү иштер улантыларын эскертти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости