www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Садыр Жапаровдун айланасынан жүрөгүндө жалыны бар “мекенге кызмат кылам, иштейм” деген адамды көрбөй жатам”, - деди NazarNews маалымат агенттигине мурдагы Коргоо министри, генерал-лейтенант жана коомдук-саясий ишмер Исмаил Исаков.

--“Азыркы учурда тажрыйбалуу адамдар кемчиликтерди көрүп турсак түз жолун айтып, туура кеңеш беришибиз керек. Кийин кеч болуп калат. Ошондуктан мен Садыр Жапаровго кеңештеримди, билгендеримди айтам. Кыргызстандагы саясий өзгөрүлөрдөн кийинки кадр тандоодо маселе бар. Садыр Жапаровдун айланасынан жүрөгүндө жалыны бар, мекенге кызмат кылам, иштейм деген адамды көрбөй жатам. Тандаган кадрларына кайра эле эл нааразы болууда. Менин байкашымча сыртта жүргөн мыкты улан-кыздарыбыз келди, бирок ошолордун билимин, акылын пайдаланбай жатышат. Мен бул боюнча дагы президентке айтайын дегем. Мен Садыр Жапаров куугунтукка алынганда деле колдоп жүргөм. Азыр президенттик башкарууну, Жапаровду колдойм. Азырынча ага жолуга элекмин. Анын убактысы болбой жатат. Мамлекет кыйын абалда турат, жумуш абдан көп. Алдыга сүйрөшү керек”, - Исаков.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости