www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда бюллетендерди кол менен кайра санап чыгуу уланууда. Дал ошондон кийин шайлоонун расмий жыйынтыгы чыгарылат.
Автоматтык түрдө саноо үкөктөрүнүн алдын-ала маалыматтары боюнча, 7 пайыздык чектен өткөн төрт партия парламентке өтүштү.
Алар: – Биримдик -24,53%,
-Мекеним Кыргызстан – 23,9%,
– Кыргызстан – 8,74%,
– “Бүтүн Кыргызстан” – 7.09%
БШКнын маалыматы боюнча, саат 12: 30да 622 516 бюллетень (31%) кол менен эсептелген.
Кол менен кайра эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча, “Мекеним Кыргызстан” партиясы 24% менен 1-орунда (149 миң 671 бюллетень), экинчи орунда “Биримдик” партиясы 20% (125 миң 393), үчүнчүдө “Кыргызстан” партиясы – 9% (58 миң 173). “Республика” (46 539) жана “Мекенчил” (45 945) партияларынын ар биринде 7 пайыздан.
Ал эми “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын добушу 6 пайызды (39 237), “Ата Мекен” 5 пайызды (29 621), Ыйман Нуру 4 пайызды (26,50) түздү.
“Замандаш” (19 миң 90), “Бир Бол” (19 миң 352) жана “Чоң Казат” (20 миң 337) ар бири 3 пайыздан алышты. 2Социал-демократтарда2 2 пайыз (14506) бар. “Баарына каршы” добушту 11,758 адам берген, 2%.
“Реформа” (8 миң 647) жана “Мекен Ынтымагы” (5 миң 754) ар бири 1 пайыздан алышты. Афганистандагы согуштун ардагерлеринин партиясы (990) жана Ордо (1543) 1 пайызга жетпейт.
Булак: NazarNews.kg