www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Филиппиндин президенти Родриго Дутерте элге пара талап кылган чиновниктерди атууга, бирок өлтүрбөөгө уруксат берди. Дутерте аткан адам кийин абакка түшүп калбасы үчүн коррупционерлерди бутка атууну сунуштады. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
“Эгерде силер салык, бажы төлөмүн жана башкаларды төлөп жатсаңар, а бул акмактар пара талап кылса, анда ургула. Эгерде куралыңар бар болсо, аларды ата берсеңер болот. Бирок өлтүрбөгүлө. Себеби, териштирүү учурунда ырайым ала албай калышыңар мүмкүн”, -деп билдирди кечээ Дутерте.
Ал пара талап кылганды аткандарга карата абакта камоо жазасы эмес, болгону балак алуу болот деп айтты.
Президент жарандарды коррупция же чиновниктер аралашкан укуктар бузулган ар бир учурда өздөрүнүн укугун коргоого чакырды.
2016-жылы шайланган Филиппиндин президенти Родриго Дутерте укук бузууларга каршы күрөшүүдө катуу чара көрүүнү айтып келет.
Ошондой эле ал мурда баңги заты менен шугулдангандарды да атууга укук берген. Аталган өлкөнүн полициясы ушул жылдын 5 айында эле баңги сатуу менен алектенген 1600 адам кармоо учурунда өлтүрүлгөнүн билдирген.
Булак: "NazarNews.kg"