www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бизнестин битин сыгып канын жалаган, айрыкча дары-дармек тармагында бизнестин кыныгын алып алган Космосбек Чолпонбаев министрликке келгенден бери элдин саламаттыгын эмес, өзүнүн бизнесин кеңейтүү менен алек.

Саламаттыкты сактоо тармагынын тагдырына мышык ыйлай, буга чейин болуп көрбөгөндөй коррупцияга батып калганы байма-бай айтылууда. Буга чейин министрди сындап келгенбиз. Бүгүн да жазгыбыз келди. Биздин редакцияга кайрылган жарандардын арыз-муңуна караганда учурда онкологиялык ооруканада коррупция «гүлдөп» кетиптир. Бул боюнча министрдин пикирин угуу үчүн байланышкан аракетибизден майнап чыккан жок. Өтө зарыл иштерден бошой албай атыптыр. Айла жок гезит аркылуу кайрылалы. 

Урматтуу Космосбек мырза, онкологияга жатып дарылануу үчүн ар бир оорулуудан 10 миң сомдон алынып атканы чынбы? Деги эле ооруканада коррупция жок деп кепилдик бере аласызбы? Коррупцияга каршы кандай күрөш жүргүзө алдыңыз? «Май кармаган бармагын жалайт» болуп, министр болуп келгени бизнесиңиздин бюджетин канчага көтөрө алдыңыз? Баса, сиз ооруп калсаңыз, кайсы ооруканага көрүнөсүз?, деп "Де-Факто" гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости