www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн апталарда россиялык кайсы бир маалымат булактарына Кыргызстан жөнүндө бирин-экин терс маалымат чыкты. “Кыргызстандан инвесторлор акчаларын сыртка алып чыгып кетип жатат, кыргыздар Москвадан массалык түрдө үй ала башташты, өлкөдөн качып жатышат” деген мааниде.

Мунун артынан Руслан Казакбаевдин (мүмкүн анын шефи Бабанов) кулактары тикчийип чыгып калды. Дегенибиз, дал ошол россиялык маалымат булактарда сөздүн өзөгүн Бабановдун «рупору» Руслан Казакбаев чечмелеп, аны элге НТС телеканалы аркылуу саймедиреп берди. Ошентип, орусиялык басмада «ырдалган» ырдын «дирижеру» ким экени дароо эле ачыкталды.

Мындан улам, Казакбаевдин оозу менен БӨТ сүйлөп жатабы деген  мыйзам ченемдүү суроо туулду же Казакпаев кайрадан досун аңга түртүп жатабы? Суроолор арбын, жооп жок.

Бабанов маалыматтык «махинацияларды» кое туруп, ага карата козголгон кылмыш иштеринин айласын таппайбы дессһең? Ансыз да сурактан колу бошобой, абалы чатак экени өзүнө да, партиялаш досторуна да белгилүү.

Же мурдагыдай эле: «Сотторду сатып алам, сүттөн ак чыгып кетем» деп ойлоп жатабы? Эми азыр антиш кыйын болуп калды го. «Абисинин» аппетити акчага чоң болчу. «Абисин» алдагандай, азыркы ажонун көңүлүн акча менен алыш кыйын го деп турабыз.

Ошондуктан, мыйзам алкагында же акталып, же уурдаган болсо кайтарып, жеген болсо кусуп, түйшүгүнөн арылып алганды ойлосо, маалымат «махинациялары» аркылуу бийликке тийишкенди коюп деген ойду айткыбыз келди. Чын, да! Же эмне, «Ыйлаар бала атасынын таягына сүйкөнөт» болуп атабы? Бул тууралуу "Де-Факто" гезити жазып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости