www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү Лорен Боберт менен Майра Флорес Владимир Зеленский менен жубайынын Vogue журналы үчүн сүрөткө түшүүсүн кескин сындашты.

Кадрларда украин лидери жубайы менен фотосессияга кантип даярданып жатканын көрүүгө болот. Елена Зеленская президенттин кеңсесинин фонунда жана Гостомелдеги Антонов аэропортунда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жоокерлери менен сүрөткө түшкөн.

АКШнын кээ бир конгрессмендери Зеленский менен жубайынын бул иш-аракетине нааразы болушту.

"Байден: келгиле, Украинага миллиарддаган долларлык жардам жөнөтө берели, алар жардамга муктаж!", - деп жатат. Ал эми, Зеленский жубайы экөө бизге Vogue журналынын фотосессиясын тартуулап жатышат", — деп жазды конгрессмен Флорес.

"Биз Украинага 60 миллиард доллар жардам жөнөтүп жатканыбызда, Зеленский Vogue журналынын фотосессияларына катышып жатат. Бул адамдар бизди "лох" катары кабыл алып жатышат", - деди өкүлдөр палатасынын мүчөсү Боберт ачууланып.

Буга чейин Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Батыш эми Владимир Зеленскийдин жубайынын пиарына өткөн деген пикирин билдирген. "Украинанын президентинин ресурсу толугу менен түгөнүп калгандыктан ушундай кадамга барып жатышат", - деген Захарова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости