www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо менен алектенип келаткан уюмдардын лидерлери президентке кайрылуу жолдоп, сунуштарын айтышты.

27-июлда алар журналисттер үчүн пресс-конференция уюштуруп, президент Садыр Жапаровдон чукул арада алар менен жолугушуу уюштурууну, жыйын өткөрүүнү өтүнүштү.

Лидер аялдар укук тартибин коргоо жана сот органдарынын аялдардын конституциялык укуктарын бузуп жатканы системалуу көрүнүшкө айланганын, буга көңүл буруу керек экенин, кечиктирилгис мыйзамдык чараларды көрүү зарыл болуп жатканын айтып, президенттин гендердик маселелер боюнча кеңешчиси деген кызмат ачууну сунуш кылышты.

Маалымат жыйынына “Ак жүрөк”, “Аруулан” кризистик борборлорунун, “Энсан Диамонд”, “Жаңы ритм”, “Позитивдүү диалог” коомдук бирикмелеринин жетекчилери катышты.

Кыргызстанда соңку кездери аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулук, үрөй учурган окуялар катталганы көп айтылууда. Ички иштер министрлигинин эсебинде, былтыр үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 миңден ашуун факт катталган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости