www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саякатчылар үчүн өз өлкөсүндө акчага сатып алган нерселер айрым өлкөлөрдө бекер экендигин көрүү таң калычтуу болсо керек. Кайсы өлкөдө эмне бекер экенин билүү үчүн Quora.com сайты аркылуу анкета түзүлүп, “Сиздин өлкөңүздө бекер, бирок башка өлкөгө барганда акчага сатып алган нерселер кайсылар?” деген суроо берилген. Анын жыйынтыгында аталган суроого эле эмес, кошумча маалыматтар дагы көп келген. Кызыккан болсоңуз, маалыматтар төмөндө.

Түндүк Индия жана Пакистан
Бул аймактардагы ар бир азык-түлүк дүкөнүндө ачуу калемпир менен кориандр бекер. Дүкөндөрдө кошуп беришет, эгер бербесе, сураганыңыз жетиштүү. 

Индия
Материалдык нерселер гана бекер деп түшүнүү туура эмес. Индияда бепбекер насыйкат, кеңештер дагы берилет. Калькутталык Махул Манот бул абалды мындайча түшүндүргөн: “Башка өлкөлөрдө үйбүлөгө байланышкан атайын кызматтар бар. Бизде болсо байке, тайке, эже жана тай эжелер бекер кеңеш беришет. Өнүккөн өлкөлөрдө атайын консультанттар бар болсо, бизде алардын милдетин коңшуларыбыз аткарат”.

“Берген кеңеши үчүн акча төлөйсүз мисалы башка өлкөдө, ал эми биздин аймакта чайкана, той, ал эле эмес автобус, поездде деле тааныбаган адамдардан бекер кеңеш ала аласыз”,-дейт АКШда жашаган Индиялык Канчан Саксена. “– Кеңеш бергенди аябай жакшы көрөбүз”.

АКШ
Тез даярдалуучу тамактар Америкада пайда болуп, башка өлкөлөргө тараган болушу мүмкүн. Бирок, бул тамактар менен чогуу берилчү кошумча азыктар башка өлкөлөрдө АКШдагы сымал көп жана бекер берилбейт.

Америкалык Джон Балдуин Англиядагы McDonalds'дан тамак алып жатып, кетчуп үчүн 50 цент төлөгөндө байкайт муну. “Америкада кетчупка төлөнбөйт, тескерисинче 1ди сурасаң 10ду бекер берет” –дейт ал өз билдирүүсүндө.
Сингапур

Кошумча азыктар бул жакта да бекер берилет. “Биз бардык тамакты  ачуу соус менен ичебиз, тез тамактануучу жайдын баарында ал бекер”, - дейт Сингапурдук Джосиф Ли.

Австралия
Бул жакта ачык абада керектелүүчү бир нече буюмду бекер алса болот. Аделаидалык Христофор Марделдин айтуусу боюнча парктарда, эс алуучу жайларда тамак бышырууга арналган атайын буюмдар бар. “Этиңизди ала келип, ичине салып, кнопканы басасыз. 20 мүнөттөн кийин автоматтык түрдө өчөт. Даяр боло элек болсо, кайрадан басып коесуз”, -деген Христофор, колдонуучунун жалгыз милдети колдонгон соң буюмду тазалап коюу экенин кошумчалады. Жана да бул эрежелерди Австриялыктар жакшы билишет.

Словакия
Айрым өлкөлөрдө жөнөкөй суу бекер болушу мүмкүн, бирок табигый минералдык суунун бекер эместиги чын. Ал эми Словакияда андай эмес, анткени бул аймактын чар тарабы табигый булактар менен курчалган. 
Жашоочулар дүкөндөн да алышса болот сууну, бирок көбү жакын жашаган жердеги булакка барып, бөтөлкөлөрүнө толтуруп алышат.

Норвегия
Аталган Скандинавия өлкөсүндө жаратылышты коргоочу жана аны адамдардын колдонуусуна берген атайын мыйзамдар бар. Норвегияда аймак ички жана тышкы болуп экиге бөлүнөт. Ички аймак бакча, талаа, парк же болбосо жол сыяктуу активдүү колдонулган аймактарды камтыйт. Ал эми тоо, токой, шалбаа, арал, көл жана дарыялар тышкы аймакка кирип, бирөөгө таандык экендигине карабастан аларды колдонуу бекер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости