www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бизнес-омбудсмен институту Кумтөргө сырттан башкаруу киргизүүнү караган мыйзам долбоорунун кабыл алынышы өлкөгө инвестиция тартууну төмөндөтөт деп эсептейт. Бул тууралуу институттун басма сөз кызматы тараткан кайрылууда айтылат.

Кайрылууда «мыйзамдын кабыл алынышы ыңгайсыздыкты жаратат жана өлкөгө инвестициянын келишин кескин төмөндөтөт. Кыргызстандагы долбоорлорго катышууга даяр инвесторлор сырттан башкарууга байланыштуу тобокелдиктерди эске алууга аргасыз болот», - деп айтылат.

Билдирүүдө сырттан башкарууну киргизүү экономика боюнча эл аралык рейтингдерде мамлекеттин имиджине көлөкө түшүрө турганы белгиленген. Буга байланыштуу Кыргызстан инвесторлор менен эл аралык соттордо териштирүүгө кабылышы мүмкүн экенин эскерткен.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште 6-майдагы жыйынында «Корпоративдик башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына («Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамга, Жазык кодекске) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору дароо үч окууда кабыл алынды. Анын авторлорунун бири, депутат Акылбек Жапаров мыйзам долбоору кен тармагында концессиялык келишим менен иштеген компанияларга гана тиешелүү экенин, Кыргызстанда мындай бир гана компания бар экенин маалымдаган.

Кечээ, 7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту Кумтөр алтын кениндеги Давыдов, Лысый мөңгүлөрүндөгү калдык топтоочу жайды мыйзамсыз деп таап, «Кумтөр голд» компаниясына 261 миллиард 719 миллион 674 миң сомду мамлекетке төлөп берүүнү милдеттендирген чечим чыгарганы белгилүү болду.

Өз кезегинде Айбек Сарыбаев, Нарис Калчаев, Аблас Жээнбеков жана Кемелбек Кутманов «Кумтөр голд компани» ишканасынын үстүнөн сотко арыз жазган. Активисттер ишкананын Кумтөр кенин иштетүүдө Давыдов, Лысый мөңгүлөрүнө калдыктарды топтогонун мыйзамсыз деп таанып, мамлекеттин пайдасына кенемте өндүрүп берүүнү суранышкан.

Ишти караган судья Альбина Жээнбекова активисттердин арызын канааттандырып, «Кумтөр голдду» 261 миллиард 719 миллион 674 миң сомду мамлекеттин пайдасына төлөөгө милдеттендирген. Мындан сырткары канадалык компания 1 млрд. 300 млн. сом алым төлөп бериши керек.

Эске салсак, мунун алдында «Кумтөр голд компани» ишканасы билдирүү таратып, кенге байланыштуу соңку иш-аракеттерге тынсызданып жатканын белгилеген. Анда компания сотко арыз жазгандардын бири Кемелбек Кутманов Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманованын уулу экенин кошумчалаган.

Компания Жогорку Кеңеш Кумтөргө сырттан башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун кабыл алганына тынчсызданган. Канадалык компания соттун чечими 2019-жылкы кыргыз өкмөтү менен «Центерра Голд» түзгөн келишимдин шарттарын буза турганын ишара кылып, Торонто ал документти кынтыксыз аткарып келатканын билдирет. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости