www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Новосибирск-Баку багытында жолго чыккан жигит жолдошторуна бизнес-класска отургусу келгенин айтат. Анын каалоосу аткарылбаган соң, анда учакты жардырам деп ызы-чуу салды. Бул тууралуу Oxu.Az сайты жазып чыккан.

Маалыматка ылайык, тартип сакчыларына "Толмачево" аэропортунда жардыруучу зат бар деген билдирүү келип түшкөн.

“Окуя болгон жерге дароо жетип, 51 жаштагы бул жүргүнчүнү текшеришкен. Бирок, анда эч кандай жардыруучу зат табылган эмес. Бул азамат Красноярск шаарынын тургуну,”-деди милиция кызматкери.

Милициялар учактагы жүргүнчүлөрдүн баарын сыртка чыгарышып, эч кандай жардыруучу зат жок экенине көзү жеткен соң гана, учак Бакуга карай учуп кеткен.

Ал эми элдин үрөйүн учурган кишиге кылмыш иши козголгон. Беш жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн дешүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости