www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Блинкен Израилге эмнеге барат?

Бүгүн, 12-октябрда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Израилге барат. Бул тууралуу ал социалдык тармактардагы баракчаларында билдирди.

«Мен Израилге барып, Израилдик өнөктөштөрүбүз менен ал жердеги кырдаал боюнча түз сүйлөшөм, ошондой эле алардын террордук чабуулдарга каршы күрөшүн кантип уланта аларыбызды талкуулайм. Биздин Израилди колдообуз туруктуу”,-деп жазган Блинкен.

Миллердин айтымында, сапардын жүрүшүндө АКШнын мамлекеттик катчысы Израилди мындан ары кандай колдоону талкуулайт.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн штаб башчыларынын бириккен комитетинин төрагасы Чарльз Браун Иранга анын Израилдеги жаңжалга катышуусунун кесепеттери тууралуу эскерткен. NBC телеканалы Американын администрациясы Украинага кошумча каржылоо жана Израилге жардам берүү өтүнүчтөрүн бириктирүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирген жана Израилге аскерий жардам бере баштаганын жана кошумча каражат бөлүнөрүн айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости