www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин борбор шаар Москвада өткөрүлгөн Орусиянын энергетика жумалыгынын негизги сессиясында сүйлөгөн сөзүндө, Израиль-Палестина жаңжалына байланыштуу көз караштарын бөлүштү.

Орусиянын президенти Владимир Путин Палестина мамлекетинин түзүлүүсүн колдогонун билдирди.

Путин борбор шаар Москвада өткөрүлгөн Орусиянын энергетика жумалыгынын негизги сессиясында сүйлөгөн сөзүндө, Израиль-Палестина жаңжалына байланыштуу көз караштарын бөлүштү.

Палестина мамлекетинин түзүлүүсүнө байланыштуу негизги саясий көйгөйлөр чечилбестен зомбулуктун күчөшүнө алып келген бул абалды нормалдаштыруунун мүмкүн эместигин баса белгилеген Путин, Израиль-Палестина жаңжалынын кеңейишинин энергетика тармагы менен бирге олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин эскертти. 

Орусиянын бул маселе боюнча позициясын тараптардын жакшы билишкенин, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) чечимдеринин аткарылышын жана Палестина мамлекетинин түзүлүүсүн жактагандарын белгилеген Путин, Израилдин отурукташуу саясатын учурдагы абалдын себептеринин бири катары мүнөздөдү. 

АКШнын да чечүү механизмдерин кыянаттык менен пайдаланганына көңүл бурган орус президенти: "Америка Кошмо Штаттар акыркы бир нече жылда бул механизмдерди кыянаттык менен пайдаланып, баарын өз алдынча чечүүгө аракет кылды",- деди.

АКШнын Израилге колдоо көрсөтүү үчүн Чыгыш Жер Ортолук деңизине учак конуучу кемесин жөнөтүшүнө реакция кылган Путин, АКШнын деңиз күчтөрүн жайгаштыруу менен аймактагы чыңалууну арттырганын айтты.

Путин Палестина маселесинин ар бир мусулмандын жүрөгүндө экенин жана укмуштуудай деңгээлге көтөрүлгөн адилетсиздиктин көрүнүшү катары эсептелгенин билдирди.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости