www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Конгресстин Орусияны терроризмге демөөрчү мамлекеттердин улуттук тизмесине кошуу аракетине бөгөт коюуда. Бул тууралуу жума күнү «Нью-Йорк Таймс» гезити жазды.
Анын айтымында, мындай демилгенин кабыл алынышы Блинкенди Орусия Федерациясы менен кызматташып жаткан АКШнын союздаштарына каршы санкцияларды колдонууга мажбурлашы мүмкүн. Ал ошондой эле мындай кадам Вашингтон менен Москванын ортосундагы дипломатиялык алакаларды толугу менен бузат деп кооптонот.
Басылманын маалыматына караганда, Орусияга каршы демилгени Сенат, ошондой эле Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси бир добуштан колдойт.
Украина АКШга кайрылып, Орусия Федерациясын терроризмге демөөрчүлөрдүн тизмесине киргизүүнү өтүндү. Ушундай эле сунуштарды АКШнын конгрессинин бир катар мүчөлөрү да киргизишти. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова буга чейин бул демилгелерди «акылсыз чара» деп атаган. Дипломат АКШнын мындай кадамдары Орусия тарабынан жоопсуз калбай турганын эскертти.
Терроризмге демөөрчүлөрдүн тизмесине Вашингтондун пикири боюнча, эл аралык террордук актыларды кайра-кайра колдоп келген өлкөлөр кириши мүмкүн. Тизмедеги өлкөлөргө каршы санкцияларды киргизүү жагынан АКШ администрациясы кеңири ыйгарым укуктарга ээ. А
КШнын Каржы министрлиги бул жактарга жана жеке адамдарга, ошондой эле тизмедеги өлкөлөр менен соода жүргүзгөн өлкөлөргө карата чара көрүшү мүмкүн. 1979-жылдан бери Вашингтондун администрациясы өзүнүн тизмесине саналуу гана мамлекеттерди кошкон.
Учурда тизмеге Иран, Түндүк Корея, Куба жана Сирия кирет.