www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирет. Жолугушуу жүрүшүндө тараптар ушул жылдын октябрь айында Түрк тилдүү мамлекеттердин ЮНЕСКОнун Улуттук комиссияларынын башчыларынын форумун өткөрүү маселесин талкуулады.

Белгилей кетсек, иш-чаранын негизги максаты Улуу Жибек Жолунун провайдери болгон Ош шаарынын туристтик потенциалын кеңири жайылтуу .

Жолугушуу жүрүшүндө форумдун уюштуруучулук аспекттери талкууланып, анын алкагында Ош шаарынын туристтик мүмкүнчүлүктөрүнүн комплекстүү бет ачары, Ош шаарында жашаган элдин жана этностордун маданиятынын байлыгын, каада-салтын, жашоо образын жана тарыхый баалуулуктарын көрсөтүү үчүн масштабдуу этно-маданий иш-чаралар, түрк тилдүү мамлекеттердин медиа өкүлдөрү жана блогерлери үчүн медиа турлар уюштурула турганы айтылды.

Иш-чарага 8 өлкөнүн: Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Мажарстан, Түркмөнстан, Татарстан, Якутия өкүлдөрүнүн катышуусу пландалууда.

Ошондой эле, жыйын алкагында Ош шаарынын символу болгон ыйык Сулайман-Тоонун статусун көтөрүү, ага чектеш аймактын инфраструктурасын жакшыртуу, туристтерди тартуу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү маселелери көтөрүлдү. "Оштун туристтик брендин, анын бай салт-санаасын, үрп-адатын жайылтуу жана өнүктүрүү зарыл, Ош буга татыктуу. Биз керектүү колдоо көрсөтөбүз", - деди С.Раев.

Өз кезегинде Марс Исаев колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, Улуу Жибек Жолунун провайдери болгон Оштун туризминин келечеги үчүн өз ара аракеттенүү жана кызматташуу демилгесин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости