www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Косягы” жок камалып, сегиз айдан соң Курманкул Зулушевдин колу менен акталып чыгышкан Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов: ”Ким көп калп айтат?” –дешип мелдеше кетет.
-Мен бир жолу аңчылыкка чыгып, учуп бараткан өрдөктөрдү аттым эле, бапыратып беш өрдөктү катар атыптырмын, бешөө талп этип жыгылып калса болобу, -дейт Камчыбек Ташиев.
- “Беш өрдөк” жакшы, бирок катары менен учуп бараткан беш өрдөктү атса болот. –дешет.
-Мен бир жолу аңчылыкка чыгып, качып бараткан кийикти аттым эле, кулагы менен туягына тийиптир. –дейт Талант Мамытов.
-Калп дурус, бирок туягы менен кулагын кашынып жаткан кийикти атса болот, -дешет.
-Мен бир жолу ресторанда отурушкан жалаң ОБОНчу аялдарга көңүл салдым. Алардын эч кимиси үн катпай тыптынч отурганын көрүп таң калдым. -дейт Садыр Жапаров.
-Кантип, ОБОНчулар бир ооз сөз айтпай отурушсун, мунуңуз калп го. –дешет беркилер. Ошентип, калп айтуу боюнча мелдеште Садыр Жапаров утуп кетиптир.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg