www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
РФ президенти Владимир Путин Россиянын Аскер-деңиз флотунун күнүнө карата парадды ачуу үчүн Кронштадт портуна барды.
Президенттин видеосу "Биринчи каналдын" эфиринен көрсөтүлдү.
Анда көрүнүп тургандай, мамлекет башчы катер менен аскердик кемелердин линиясына барып, экипаж менен учурашып, куттуктаган.
Аскер-деңиз флотунун күнү ар жылы июль айынын акыркы жекшембисинде белгиленет. Ал эми Петербургдагы аскер-деңиз парады анын башкы иш-чарасы. Жаңы тарыхта биринчи жолу 2017-жылы президенттин тапшырмасы менен өткөн. Масштабдуулугу жагынан алганда бул майрамды Москванын Кызыл аянтындагы 9-Майга карата парад менен салыштырса болот. Иш-чара Россиянын Аскер-деңиз флотунун күчүн жана дүйнөлүк океандын каалаган аймагындагы тапшырмалардын бардыгын аткарууга даярдыгын көрсөтүү максатында уюштурулуп келет.
Парадга 47 кеме жана 42 аба кемеси катышары күтүлүүдө. Ал эми Кронштадтта суу астында жүрүүчү "Северодвинск", "Магадан" жана "Вепр" кайыктары көрсөтүлөт.
Параддын алдында президент Россиянын Аскер-деңиз флотунун деңиз доктринасын жана кеме уставын бекиткен жарлыктарга кол коет.
Булак: NazarNews.kg