www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эч ким кырктан кийин кайра жаш болбойт, бирок ар кандай куракта да жагымдуу болсо болот.
(Коко Шанель)
Жаштардын сүйүүсү жүрөгүндө эмес, көзүндө.
(Уильям Шекспир)
“Жакшы адамдар жаш эле өлүп кетишет” деп айтышат. Муну башкача айтса да болот: жаш өлгөндөр гана жакшы өлөт.
(Джонатан Тригэлл)
Саламатсыңбы, менин жаштыгым! О Кудай, эмнеге мынчалык кереметсиң?!
(Иосиф Бродский)
Жаш кезде адам күнөө иштерди шашылып жасайт.
(Уильям Шекспир)
Жаштык келечеги болгону үчүн керемет.
(Николай Гоголь)
Жаш, шайкелең кезимде мен жаш, шайкелең болчумун.
(Джордж Буш)
Тажрыйба баалуу нерсе, бирок анын акысын жаштыгың менен төлөгөн жаман да.
(Стив Харви)
Эч качан бүгүнкүдөй жаш боло албайсың.
(Чак Паланик)
Жаш кездеги күнөөлөрдүн азабын биз картайган кезде тартабыз.
(Пьер Абельяр)
Он жети жашыңда кырк беш жаш да карылык сыяктуу сезилет.
(Нил Гейман)
Бейбаш жаштык карылыкка кейпи кеткен денени берет.
(Марк Тулий Цицерон)
Жаш кезде биз үйрөнөбүз, картайган кезде түшүнөбүз.
(Мария фон Эбнер-Эшенбах)
Жаштыктын курагы болбойт.
(Пабло Пиккасо)
Чалкыган бүт өмүр турган жаштыктагы жалгыздык менен алдыда мүрзө гана турган карылыктагы жалгыздыкты дегеле салыштырып болбойт.
(Гектор Мало)
Жаштык убаданы көп берет да кийин өкүнүп калат.
(Сергей Костин)
Балдар биздин жаштыгыбызды узартып турат.
(Сесилия Ахерн)
Дегеле ичпеген жакшы. Жолу болбогон кишилер гана ичет, сенин алдыңда болсо али чеги жок аалам турат. Ичпей туруп эле шайыр, мас бол.
(Александр Куприн)
Мас кишилер өзүн “соомун” деп эсептеген сыяктуу, жаштар да өзүн акылдуу катары эсептешет.
(Филип Стэнхоуп)
Жападан жалгыз бакыт, эң зор бакыт – дайыма жаш болуу.
(Винсет Ван Гог)
Жаштык кез өткөнүнө өкүнгөндөр, эсиңерде болсун, силер али келесоо кезиңер өткөнүнө да өкүнөсүңөр.
(Александр Вяземка)
Жаштыктын катачылыгы болбосо, карылыктын даанышмандыгы да болбойт.
(Владимир Леонтьевич Гавеля)
Жаштык – бул китеп, биз окудук, ал түгөндү.
(“Керемет доор” фильминен)
Жаштык жыргал да: бирдекени туура эмес жасасаң, кайра оңдосоң болот.
(Харуки Мураками)
Эгер акылдуу болсо, сенден жаш кишини да өзүңөн улуу сез.
(Казак накылы)
Жаштык эмне? Өркөчтөнгөн толкун. Артың – шамал, алдың – аска-зоолор.
(Уильям Вордсворт)
Жаш кезде окубагандын карылыгы кейиштүү болот.
(Екатерина II Великая)
Жыйырма жашымда мен дегеле өлбөчүдөй сезилди эле...
(Донна Тартт)
Жыйырма үчкө чыктым, бирок өлбөстүк үчүн бир да иш жасай элекмин.
(Гай Юлий Цезарь)
Сулуулук менен жаштык дайыма адамдын сыртында эмес, ичинде болот.
(Рене Руссо)
Жаштык – учкан куш: кармап кал аны, кармап кал...
(Публий Овидий Назон).
Булак: Азия News гезити