www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен француз тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан менен телефон сүйлөшүүсүндө Орусия Украинанын чек арасындагы аскердик активдүүлүгүн күч алдырууда деген кабарларды талкуулады. Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Нед Прайс 14-ноябрдагы билдирүүдө Блинкен Вашингтон Киевдин аймактык бүтүндүгүн тайбастан колдоорун кайталаганы белгиленет. Талкуунун калган чоо-жайы маалымдалган жок.

Өткөн жумада америкалык расмий өкүлдөр Орусия Украина менен чек ара аймагына көп сандагы аскерлерин тартып жатат деген кабарларга камтамасын билдиришкен. Блинкен Москва кошуна өлкөгө байланыштуу дагы бир “олуттуу ката” жасабашы керек деп эскерткен.

Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилер 7 жылдан бери бир топ райондорду көзөмөлдөп келатышат. 12-ноябрда Европа Биримдиги да тынчсыздануусун ортого салып, кырдаалга байкоо салып жатканын билдирген.

Орусиянын президенти Владимир Путин Москва аскердик чабуулду караштырып жатат деген Батыштын божомолдорун четке кагып, Украина менен АКШнын Кара деңиздеги аскердик машыгуусун агрессивдүү кадам деп сыпаттады.

13-ноябрдагы сүйлөшүүдө АКШ жана Франция тышкы саясий мекемелеринин башчылары, ошондой эле, Ирандын өзөктүк программасына байланышкан маселелерди сөз кылышканы маалымдалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости