www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык соту сойку кыздарды тоногон Урматка (аты өзгөртүлдү, А.у.У.) өкүм чыгарды.

Буга чейин 24 жаштагы Урмат тоноочулукка күнөөлүү деп табылып, Свердлов райондук соту тарабынан 15 жылга кесилген.

Ал өкүмдү катаал деп эсептеп, Бишкек шаардык сотуна даттанган.

Урмат 2020-жылы июнь айында да Жазык кодексинин 360-беренеси (Документти, мөөрдү же штампты уурдоо) менен 1 жылга кесилген. Бирок сот ага ырайым көрсөтүп, абактан бошоткон.

Урмат абактан чыккандан кийин кайра кылмышка барган. Бул жолу ал сойкуларга кол салган.

5-ноябрь күнү эртең менен мас абалдагы Урмат интернеттен сойку кызды таап, аны менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Кыз Урматты үйүнө чакырган. Урмат айтылган дарекке барып, сойку кыздын мойнуна бычак такап, акча жана башка баалуу буюмдарды талап кылган. Ал учурда коңшу бөлмөдө башка кыз уктап жаткан. Бирок ал жагдай Урматты токтоткон эмес.

Урмат сойку кызды коркутуп, чөнтөк телефонун, алтын чынжырчасын жана 1700 сомун тартып алып, качып кеткен.

Эртеси Урмат башка сойку кызды таап, аны да бычак менен коркутуп, 16 миң 400 сомун алып, изин жашырып кеткен.

Урмат сот отурумунда күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды.

Жыйынтыгында Бишкек шаардык соту Свердлов райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, Урматты 10 жылга кести жана 100 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости