www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Блогер Батмакан Жолболдуева үй камагына чыгарылды

Опузалап акча талап кылууга шектелген блогер Батмакан Жолболдуеванын бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, блогер 26-мартка чейин үй камагында болот.

Батмакан Жолболдуева УКМКнын кызматкерлери тарабынан акча каражатын алып жатканда кармалып, тергөө абагына киргизилген.

Эскерте кетсек, Батмакан Жолболдуева 2022-жылы баткендик журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталган. 2023-жылдын май айында Баткен облустук соту Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу эки эпизод боюнча аны толук актаган. Сот ошондой эле анын блогердик ишмердүүлүгүнө тыюу салууну жокко чыгарган. Документтерди жасалмалоо беренеси боюнча сот ага бир жылга пробациялык көзөмөл дайындаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости