www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Канатбек Кубатбеков 2-апрелге чейин үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук соту билдирди.

Ал эми ведомствонун техникалык көзөмөл бөлүмүнүн А.Н. аттуу жетекчиси менен автомектептин директору И.М. 2-апрелге чейин камакка алынды.

Эске салсак, 20-февралда УКМК ЖКККББнын жетекчисинин орун басары Канатбек Кубатбековду, аны менен кошо ведомствонун техникалык бөлүмүнүн жетекчисин жана автомектептин директорун кармаган. Тергөөнүн маалыматына караганда, ведомствонун кызмат адамдары коррупциялык схема түзүшкөн. Алар автоунаага газ баллон жабдуусун орнотууга уруксат берүү үчүн жарандардан акча алып келишкени айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости