www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Блогер Севинч Садуллаевага каршы Ташкент шаарынын акиминин орун басары Нодира Умарова арыз жазган. Бул тууралуу Өзбекстандын Жогорку сотунун сайтындагы ачык маалыматтарда айтылган.
11-ноябрда өткөн сот отурумунда Севинч Садуллаева соцтармактарга этика эрежелерине каршы келген видеороликтерди жана сүрөттөрдү жайгаштыруу менен коомчулук арасында өзүн алып жүрүү тартибин атайын бузганы айтылган.
20 жаштагы Севинч Садуллаева жасаган ишине өкүнгөнүн, кичинекей баласы бар экенин эске алып, ырайым кылууну өтүнгөн. Ал соцтармактарда тарап кеткен видео жана сүрөттөрү Инстаграмга бир нече ай мурун жарыяланганын белгилеген. Блогер жеңил жаза берүүнү сурап, мындан ары бул сыяктуу иштерге барбай турганын жана видео менен сүрөттөрдү өчүрөрүн айткан.
“Майда бейбаштык” беренеси боюнча айыпталган блогерди судья беш күнгө камакка алды.
Ташкент шаарынын акиминин орун басары – үй-бүлө жана аялдар башкармалыгынын башчысы Нодира Умарова блогер Севинч Садуллаева 5 күнгө камалып чыккандан кийин кесипке үйрөтүлөрүн, ишке орноштуруларын жана психологдон жардам аларын айтты.
Булак: NazarNews.kg