www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин Октябрь РИИБи тарабынан 1997-жылы туулган Сыдыман (Элмир Сыдыманов) расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу боюнча шектүү катары кармалып, тергөө бөлүмүнө жеткирилген. 18-февралда блогердин баш коргоо чарасы каралып, ал эки айга камакка алынган эле.

21-февралда блогердин апасы Махабат Молдомусаева президентке кайрылуу кат жазып, баласына эскертүү деле жетиштүү болмок экендигин айтып, баласы үчүн кечирим сураган. Учурда бул кайрылуу социалдык тармактарда талкуу жаратууда.  Төмөндө апанын сөзү өзгөртүүсүз берилди:

"Урматтуу Сооронбай Шарипович, сизден башка кайрылчу арга жок калды. Биринчиден, сиздердин алдыңыздарда, жалпы кыргыз элинин алдында мен эне катары кечирим сурайм. Сизге кайрылуумдун себеби, баламдын соттук ишине адилеттүү кѳзѳмѳл жүргүзүп коюңузду ѳтүнѳм.

Мен, Элмир Сыдымановдун жалгыз бой апасы болом. Балам Инстаграмда Сыдыман деп катталып, блогерлик иш алып барчу. Анын блогерлик менен алектенүүсүн мен такыр туура кѳрбѳйм. Балам катуу жаңылып алды. Ал жаштыгы менен ѳзүнүн эмоциясына ээ боло албай, анын баракчасына катталган хейтерлердин сѳгүнгөн комментарийлерине жооп берем деп туура эмес сѳздѳрдү сүйлѳп алган. Балам ошол эле күнү сѳздѳрү хейтерлерге даректелгенин, жалпы түштүк элине эмес экенин тактап, кечирим сураган. Эми Элмир Кылмыш кодексинин 313 -беренеси менен шектелип, 7 жылга эркинен ажырашы мүмкүн деп жатышат. Видеону кѳрдүм. Сѳгүнүптүр, ѳз оюн айтыптыр, бирок эч кимди аймактык кастыкты жаратууга үгүттѳбѳптүр. Балама болгону түшүндүрүү иштери жетиштүү.

Менин акыбалымды түшүнүңүз. Эненин жүрѳгүн эске алыңыз. Элмир үйдүн улуусу жана анын кичинекей бѳбѳктѳрү бар. Сураштырсаңыз тез ынанасыз. Биздин жашоо шарт ѳтѳ оор. Элмир ѳзү жаш бала болгону менен биздин үй-бүлѳнү камсыз кылган жалгыз ушул бала. Балам кичи пейил, ѳзүнүн жардамын аябаган, саламы түз адам.

Айтмакчы, балама издѳѳ салынганын милиционерлер бизге айткан эмес. Балам Алматыда болчу. Үйгѳ укук коргоочулар келишип "балаңыз бизге жолугуп кетсин" деп эле билдирген. Балама ѳздѳрү дагы телефон чалышып, 17-февралда кел дешиптир. 17-февралда Элмир Бишкекке ѳзү келди, анан ошол күнү милиция бөлүмүнө балдар менен чогуу барып, ал жерден аны алып калышыптыр. Тергѳѳгѳ эч тоскоолдук жараткан жок. Эртеси, 18-февралда Элмирди коё бербестен эки айга камап коюшту.

Баламдан башка менин таянар кишим жок. Мен анда-санда ашпозчу болуп иштечү элем, эми жумуштан дагы айрылдым. Азыр мен сыртка чыга албай калдым. Элдин бетин карай албай калдым. Үч балам тең февралдын башынан бери кооптонуп мектепке барыша элек. Балам адам ѳлтүргѳн жок, уурулук кылган жок, эч бир адамдын ден соолугуна зыян келтирген жок, анын айткан сѳздѳрүндѳ эч кимди касташууга дагы чакыруу болгон жок. Болгону ѳз оюн сѳгүнүү сѳздѳр менен айтты. Эфирден сѳгүнгѳндүгү үчүн 7 жылга соттоо бул ѳтѳ адилетсиз.

Элмирдин эки жакты бѳлѳйүн деген такыр ою жок. Мен ѳзүм Жалал-Абад облусунун Кара-Кѳл шаарынан болом. Мен дагы түштүктүкмүн. Муну менен Элмирдин элди экиге бѳлѳйүн деген ою болгон эмес экенин баса белгилейм.

Сизден терең ѳтүнѳѳрүм, эне жүрѳгүн эске алып, биздин оор турмуш шартты эске алып, Элмирге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү гана жетиштүү экенин эске алып, баламдын соттук ишине, катардагы жарандын үнүн уккан айкѳл эл башчы катары адилеттүү кѳзѳмѳл жүргүзүп коюңузду тереӊ ѳтүнѳм", - дейт блогердин апасы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости