www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Блогер Элмир Сыдымановго коюлган айып алынгандыгын Башкы прокуратурадан билдиришти.
Эскерте кетсек, 2020-жылдын 4-февралында Instagram соцтармагында Sydyman аттуу колдонуучу ыплас сөздөрдү колдонуп, аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган сөздөрдү айткан.
Соттук отурумда жактоочу тарабынан комиссиялык соттук-лингвистикалык экспертизага дайындоо өтүнүчү келтирилип, аталган өтүнүч мамлекеттик айыптоочу тарабынан колдоого алынган.
"Соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, Сыдымановдун аракетинде аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер аныкталган жок", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, ага Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча айып коюлган.
Булак: NazarNews.kg