www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат: “Достук” чек ара бекетинде пара алуу уланууда”

Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары кезектеги жыйынга чогулду. Жыйында депутат Айнуру Алтыбаева Ошто Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы “Достук” көзөмөл-өткөрмө бекетинде жүргүнчүлөрдөн пара талап кылган көрүнүш токтой элек деген пикирин билдирди.

“Өзбекстанга кыз берип, келин алып жүрүшпөйбү. Алардан кабар алганы барганда дайым акча талап кылып, жок дегенде 1-1,5 миң сом бермейинче өткөрбөй жатышканын айтып арызданышууда. Ал жерде камералар барбы? Коррупцияга каршы механизмдер кандай?”.

Депутаттын мындай суроосуна Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Нурсеит Кедеев жооп берди:

“Мен билгенден камералар бар. Антикоррупциялык, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Тилекке каршы, анча-мынча (пара алуу - ред.) болсо керек. Аларды жоопко тартып жатышат”.

“Достук” бекети Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан. Ал аркылуу өтүүдө чек арачыларга акча берүү көрүнүшү калыптанып калганы буга чейин да айтылып келген.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

Последние новости