www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда социалдык тармактарда активдүү иш алып барган блогерлерге байланыштуу жаңы мыйзам демилгеси коомчулукта талкуу жарата баштады. Айрым маалыматтарга караганда, 10 миңден ашык катталуучусу бар жана жарнама аркылуу киреше тапкан блогерлерди салык төлөөгө милдеттендирүү сунушталууда.

Бул тууралуу журналист Эламан Карымшаков социалдык тармактарда билдирип, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаевдин курултай делегаттарынын бирине жөнөткөн расмий катынын жообун мисал келтирген. Катта министрлик учурда «Блогерлер жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгып жатканы жана алардын ишмердүүлүгүнө мамлекеттик көзөмөл киргизилиши мүмкүн экени айтылган.

Аталган катта, айрыкча, аудиториясы 10 миңден ашкан жана жарнамадан киреше тапкан блогерлерге салыктык милдеттенмелер жүктөлүшү ыктымал экени белгиленет. Бирок министрликтин басма сөз кызматы бул маалыматты так деп айтууга азырынча эрте экенин билдирип, мыйзам долбоору дагы деле иштелип жатканын, катталуучулардын так саны боюнча акыркы чечим чыга электигин кошумчалады. Долбоор болжол менен март айында коомдук талкууга коюлушу мүмкүн.

Последние новости