www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Дастан Бекешев парламент жыйынында медициналык справкаларды менчик клиникалардан алуу мүмкүнчүгү жөнүндө маселени көтөрдү. Албетте, ал туура эле болмок, эгерде кыргызчылык болбосо...

Бизде, кыргыздарда укуктук нигилизм күчтүү. Мыйзамды бузуу аракети кадимки эле көрүнүш. Атүгүл, мыйзам бузган адамды айыптоонун, сындоонун ордуна коомчулук, аны коргогон учурлар көп. 

Мисалы, тоок уурдаган адам да баары бир ууру экенин, ал үчүн уурулук боюнча мыйзамда каралган жаза алуусун айтуунун ордуна кайра: “Ал болгону тоок уурдаптыр, андан эмне болуп кетиптир” деп актамай адатыбыз бар. 

Ууру деген баары бир ууру. Тоок уурдаган адамда болгону тоок уурдого мүмкүнчүлүк болуп калган.

Эгерде эртен анда, ат уурдоого, же алтын уурдоого мүмкүнчүлүк болсо, аларды деле уурдайт. Анткени, чон-кичине ууруда бир жалпылык бар. Ал – ыймандын, уяттын жоктугу. 

Справкага келсек, совет мезгилинде ишке жарамсыздык баракчалары катаал каттоодогу бланк болуп турганда да айрым врачтар аны жасалмалоого аракеттенишчү. Учурда мамлекеттик бейтапканаларда санариптештирүү жүрүп, компьютерге каттоо аркылуу, справкалардын жасалмаланышына бөгөт коюлууда. 

Эми ойлоп көрөлү, менчик ооруканаларда мындай катаал отчеттуулук, контроль таптакыр жок. Анан ушундай шартта, жасалма справка алуу опоңой болуп калып, менчик ооруканалар акча табуу үчүн справкаларды оңду-солду сатып (бизнес деген бизнес да, ал үчүн пайда табуу биринчи орунда), канчалаган уяты жок мамлекеттик кызматкерлер иштен, а мыйзам бузгандар жоопкерчиликтен качуу үчүн аларды пайдаланышмак.

Эл өкүлү айткандай, албетте, учурда мамлекеттик бейтапканаларда кезек көп. Бирок, аны укуктук мамлекеттердегидей болуп, менчик клиникаларга укук берүү аркылуу чечүүгө болбойт, ошол мамлекеттик ооруканалардагы кезек маселесин чечүү (штатты көбөйтүү, аралыктан кезекке жазылуу) аркылуу гана абалды оңдоого болот.

Последние новости