www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аз күн мурда коррупция боюнча айыпталып, камакка алынган Салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдувапов менен орун басары Исламбек Кыдыргычевге карата Ленин райондук сотунун өкүмү чыкты. Ага ылайык, аларга 300-400 миң сомдон айып пул салынып, мындан ары мамлекеттик кызматтарды аркалоого, иш жүргүзүүгө мыйзам менен тыюу салынды.
Коомчулукта бюджетке ондогон миллиард сомдук зыян келтиргендердин аз эле суммадагы айып пулдар менен чектелгендиги сынга алынып, жаза жеңил болгонун белгилешүүдө. Ушуга байланыштуу аларды кармап, кылмыш ишин козгогон УКМК атайын билдирүү жасады.
Анда Абдувапов менен Кыдыргычевге 2024-жылдын 6-декабрында иш козголгондуктан, алар Кылмыш кодексинин эски редакциясы боюнча сот жообуна тартылышкандыгы айтылат. Ал эми жазаларды күчөтүү боюнча киргизилген өзгөртүүлөр камтылган Кылмыш кодексинин жаңы редакциясы 2025-жылдын январынан күчүнө кирген. Ошондой эле аларга карата жаза айып пулдар менен чектелди деген туура эмес. Сот иштеринин жүрүшүндө алар күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышып, келтирилген зыян 4 млрд. 307 млн. сомду мамлекетке төлөп беришкен.
Кылмыш ишинин башка фигуранттары тарабынан алынган көрсөтмөлөр салык системасындагы туруктуу коррупциялык схеманы аныктоого мүмкүндүк берген. Аталган коррупциялык схемага бөгөт коюлуп, анын натыйжасында 2025-жылга белгиленген салыктык чогултуулар пландан 40 млрд. сомго ашыкча аткарылган.
Учурда бул кылмыш ишине тартылган башка фигуранттар боюнча сот иштери жүрүп жатат.
Мирлан Дүйшөнбаев, эркин журналист