www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек Жылуулук электр борборунда "№3 блок" 30-январда таңкы саат 4.40та ишке киргизилди. "Улуттук энерго холдинг" компаниясынан билдиришкендей, бул блок 150 мегаватты көтөрүүгө жөндөмдүү, +88 градус жылуулук берет. Учурда системадан чыккан суунун температурасы 66-67 градусту түзөт.

Аны суу менен толтуруу иштери 29-январда башталган. Азыр жылуулук системада айланып, температура 10 градуска көтөрүлгөнү белгилүү болду. Дагы жогорулатуу үчүн суу системада бир нече жолу айланышы керек, ага үч-төрт саат талап кылынат.

Буга чейин жаңы блокту ишке киргизүү суунун жетишпегени үчүн мүмкүн болбой жаткан, таңсыктык эски от казандарда да байкалган.

Ал арада Бишкектеги Ботаникалык бакта өсүмдүктөр үшүп кеткендиги тууралуу ММКлар жазып чыкты.

Суук аба ырайы жана ЖЭБдеги жылуулуктун өчүрүлүшү болжол менен андагы 30 пайыз өсүмдүктөрдү жарактан чыгарышы мүмкүн. Азыр алар тоңгон абалда тургандыктан кайсы өсүмдүк кайра жашылданбай турганын аныктоо мүмкүн эмес. азырынча канча пайызы жарабай калгандыгын аныктоо мүмкүн эмес. Мында эмгектенген жумушчулардын 50 жылдык мээнети күйүп кетти.

Эскерте кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. 

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости