www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Манастан Чубак кем бекен дегендей, учурунда мамлекетке ири өлчөмдө каржылык зыян келтиришкени айтылып, коррупцияга айыпталып кылмыш иши козголгондор качып кеткен экс-министрлер Садыр Жапаровдун бийликке келиши менен өлкөгө кайтып келип жатышат. 

Мына ошол эле Транспорт жана жол министри болуп иштеп, мамлекетке 250 миллион сомдон ашык зыян келтирген делип кылмыш иши козголуп, качып кеткен Нурлан Сулайманов бүгүн эч нерсе болбой, Кабмин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси болуп кылы кыйшайбай жүрөт. 

Бүтүндөй Энергетика тармагын сазга тыгып, коррупциялык схема уюштурган, өлкөгө оңбогондой зыян келтирилгени боюнча айыпталып качып кеткен Алексей Ширшов жүрөт жыргап чартаңдап. Аскар Акаев акталды. 

Эми болсо мурдагы Мүлк министри Турсун Тудумамбетов өлкөгө кайтып келип, айылында түлөө өткөргөнү социалдык тармактарда талкууланып, кылмыш иши козголуп, сыртта качып жүргөндөрдү өлкөгө кайтырып келүү үчүн революция болду беле деген нааразычылыктар арбын айтылууда. Сыягы, өлкөгө кайтарып келем деген мигранттар ушулар окшойт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости