www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Владимир Путин Малинин өткөөл мезгилинин президенти Ассими Гоита менен телефон аркылуу Нигердеги кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирет.
"Өзгөчө көңүл Сахара-Сахель чөлкөмүндөгү кырдаалга бурулду. Нигер Республикасынын айланасындагы кырдаалды бир гана тынчтык саясий жана дипломатиялык жол менен жөнгө салуунун маанилүүлүгү баса белгиленди", - деп айтылат маалыматта.
29-июлда Санкт-Петербургда өткөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн уландысында Путин менен Гоита эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө да токтолушту.
Сүйлөшүү Мали тараптын демилгеси менен болгону белгиленген.
Булак: NazarNews.kg