www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 26-февраль күнү Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Б. Момбеков Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Тараптар электромобилдүүлүктү өнүктүрүү, кубаттоочу станциялардын инфраструктурасын түзүү, темир жол тармагын модернизациялоо, ошондой эле жол тармагына санариптик чечимдерди киргизүү боюнча кызматташуунун келечегин талкуулашты. Өзгөчө көңүл электр транспортун өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү жолдоруна бурулду.
Ошондой эле жолугушууда жолдордун абалын талдоо системаларын киргизүү, интеллектуалдык чечимдерди жана маалыматтык аналитиканы колдонуу, инвестицияларды коопсуздук, климаттык туруктуулук жана техникалык абал критерийлеринин негизинде артыкчылыктуу багыттоо механизмдерин өнүктүрүү, метеостанцияларды жана жолдорду мониторинг кылуучу мобилдик лабораторияларды пайдалануу маселелери талкууланды.
Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү жол инфраструктурасын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн эл аралык тажрыйба жана инструменттер менен бөлүшүүгө даяр экенин билдиришти.