www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 24-февралында Өскемен шаарында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кудайберген Базарбаев менен Чыгыш Казакстан облусунун акими Нурымбет Сактагановдун жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө аймактар аралык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү келечеги талкууланды.

Жолугушууда Элчи К.Базарбаев Кыргыз Республикасынын инвестициялык жана экспорттук потенциалы менен тааныштырып, кыргыз айыл чарба продукцияларынын айрым түрлөрүн жеткирүү мүмкүнчүлүгүн талкуулады.

Аймактар аралык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн, алдыдагы 2-Аймактар аралык форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин аймактардын бириндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Казакстан Республикасынын Чыгыш Казакстан облусунун акиматынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталды.

Мындан тышкары, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында аймактар аралык диалогду андан ары тереңдетүүгө жана практикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө өз ара кызыкчылык тастыкталды.

Последние новости