www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Бөдөш Аманбаевна, мурдагы баш прокурор Аида Салянованы Жогорку Сот өкүмүн күчүнө калтырды. Сиздин көз карашыңыз кандай Аида айым, соттон акталышы керек беле?

--Аида Салянованын сот процесси Жогорку Сотто каралып мурдагы чечимдер күчүндө калтырылып Салянованы анын жактоочуларын чок баскандай  секиртип ойлонбостон оозуна эмне келсе ошону сүйлөп бир топ ажылдап алышты. Таң калтырганы колдоп келгендер го мыйзамдан алысыраак карапайым элдер, Аида айым деле бир кезде Генпрокурор болгонун унуттубу деңгээли түшүнүгү тигилерден айрымасы жок акылы тайыз эле бир көрпенде экенин дагы бир жолу көрсөттү. Алкылдап ажаан аялдардын ортосуна өзүн ак карга сезбей өткөнгө кылган ишине сарасеп салып кетирген каталарын сезип бу да болсо маңдайга жазылган өзүм себепкер болгон буйрук мүмкүн жараткандын мага берген жазасы же тартуулаган тагдыры деп өзүнүн өтмүшүн моюнга алуу керек болчу. Ошол мезгилдеги саясий абалды эске алганда Елисеевдин лицензиясын шашылыш узартуунун зарылчылыгы бар беле? Елисеев лицензиясын калыбына келтирип алып, Кыргызстан үчүн эмне жакшы иштерди жасап кандай пайда алып келмек деп бир саамга саат ойлонуп койбой бет тырмачылык кылып атканы көчө катындан айрымасы жок. Эмнеге кайсы мыйзамга таянып Президентке нааразы болуп жатканы ото осол иш. Соттор көз карандысыз акыйкат чечим чыгаруу учун Аиданын мезгилиндей буйруктар саясий чечимдерди коом, мындан ары көтөрө албасын Президент негизги программасы катары күрөштү баштаганын сезгиси келбей  дагы деле өткөн күнүнө ностальгия боюнча жүрөт окшойт. Ал эми оозго алгыс сөздөр менен каргап окуган намазына туткан орозосуна чейин акаарат айткан ажаандар Аида кудайын тааныбай кыргыздын жигиттерин чекесинен терип жалган-жалаа жаап үй-бүлөөсүн балдарын ыйлатып атканда Эл депутатын койдой мууздаган Батукаевди килем төшөп узатканда, Кыргыз элине жараткандан буйруган жаратылыш байлыгы Кумтөрдү чет элдиктер майкандап жатканда, салыктан бошоткон буйрукка кол койгондо он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек али эне сүтү оозунда Камила кыздын сырдуу өлүмүнө агасы шектелип атканда, эки кызын боздотуп Урмат Аманбаеваны камап атканда неге айтпадынар, “абайла акылына келип мыйзамды аттабай туура кадам ташта” деп. Эми бүгүн эмне кылып силерди ынандырган тим эле акыл эстен танып айкырып каргап атасыңар каргыштын дагы кайтаарын ойлонгула. Андан дагы ар бир айтылган акаарат сөз үчүн мыйзам алдында ыймандын алдында улуу Орозо айында жараткан Аллахтын алдында жооп берип калаарыңарды дагы ойлонуш керек. Мына анын бир мисалы Аида айым. Баарыбыз энебиз бала үчүн башыбызды сайганга даярбыз, бирок кечээ күнү бир айым эстен танып каргап атат, “бала-бакырасы, укум-тукуму жакшылык көрбөй калсын” деп, ишенип коюуңуз. Кудайым калыс жараткан пенделерине жакшылыгын тегиз төгөт, каргышыңыз тийбейт тообо кылыңыз, кайтаар дүйнө демекчи, “Ойлонбой сүйлөгөндү, онтогон оору чакырат”, демекчи кайтарымы оор болуп калбасын. Аида кызыңдын өмүрүн тилеп, таскактанбай сабыр кылып тур кудайым буйруп 12 жылдан кийин дагы бир перзенттүү болсоң андан ар жагын кимди ким корду быржыбайды там басты...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости