www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-- Бөдөш Аманбаевна, так ушул таптарда Молдомуса Конгантиев тууралуу кызуу талкууга алынууда. Сиз саясатчы катары пикириңиз кандай, туура эле акталдыбы?
-- Генерал, Молдомуса Конгантиевге кылмыш иши козголгонун билген эмес экенмин. Анткени ал жөнүндө прокуратура сот дегеле күч структуралары тарабынан тыкыр кыймыл аракет болбогондуктан анча кабарым болбоптур. Качан гана “Конгантиевге козголгон кылмыш иши токтотулду” деп, анан Мээрбек Мискенбаев чачын жулуп баштаганда мен сыяктуу эле коомчулук да кабардар болду го. Негизи козголгон иштин составында кылмыштын элементи аныкталбаса ал иш өзүнүн мөөнөтүнө жараша кыскартылат болуш керек. Апрель окуясы боюнча негизинен Ак үй алдындагы каргашалуу окуяга күнөөлүүлөр бутага алынды. Конгантиев кызматтык абалында ошол маалда Таласта болгондугу иштин кыскарышына негиз болгон го.
-- Баса, Таласта Конгантиевдин жанында Акылбек Жапаров дагы болгон болчу...
-- Ооба, эгерде Таласка баргандарга кылмыш козголсо анда, сиз айткандай эмнеге Акылбек Жапаров менен ошол мезгилдеги губернаторго козголгон эмес деген суроо дагы жаралат. Чачын жулуп кыйкырып жаткан Мискенбаев эмнеге убагында күнөөлүү болуп кылмышы такталса атасына айтып аягына чыкбады?! Конгантиев жүрдү го ээн эркин эле. Албетте иштин кыскартылышы кылмышка негиз болбогондуктан Презденттин сот менен прокуротурага кылмыш иштерин иретке келтирүү боюнча берген тапшырмасынын негизинде болду го. Эми апрел окуясы боюнча баягы «айранын ичкендер кутулуп, аягын жалагандар тутулду»-дегендей суроо жараткан жагдайлар көп. Кимдир бирөөлөрдүн түздөн-түз катышы бар. Ал эми кай бирөөлөр кызматтык милдетин аткарды деген түшүнүктөн караганда, ошол учурда Таласка жөнөтүлгөн бир топ чиновниктер анын ичинде ИИМ жетекчиси катары Конгантиев, кызматтык милдетин аткарды, ошол эле учурда кандай дэңгээлде аткарды, ал дагы башкы маселе. Таластыктардын айтканы бар, “чындыгында Конгантиев эр экен, абал курчуп, эл кыжырданып чегине жетип турганда дагы, кызуу кандуулук кылып, жаш балдар ур-томокко алганда дагы жан соогалап, башын жерге салбай, чыдап туруп башын көтөрүп, баарына тике карады. Мына, накта мыкты – генерал.
Болбосо бекинип олтуруп, кожейкенин халатын кийип, башына жоолугун салынып, “качып чыгып, аман алып калсаңар айтканыңарды кылам”, деп жан соогалаган чиновниктерди деле укканбыз. Мезгил жана тарых өз баасын берет дегендей апрель окуясын, мезгил өз ордуна коюп жаткандай.
-- Мээрбек Мискенбаев чачын жулуп атканына негизги себеп бардыр..
-- Мээрбектин сөздөрү менимче коомчулукта өтө деле мааниге ээ эмес. Мээрбек иним, мээлүү жигит болгондо парламенттен “маскарапоз” этикеткалуу болуп, тебилип кетпейт эле да. Ал жигиттин саясатка башы деле жетпейт, иним бөбөктөй эле инсан. Эми албетте тырбалаңдап сүйлөп жатат аны да туура түшүнүш керек, ага окшогон сабатсыз, саясатта түшүнүгү жок “тотукуш” кимдир бирөөлөргө керек. Ток этээр жерин айтканда Мискенбаев өзүнүн атын туура жазып алсын, ошол дагы чоң кеп.
Булак: NazarNews.kg